Штаб КР по COVID-19
7.74K subscribers
5.04K photos
1.21K videos
79 files
3.33K links
Коронавирустун өлкө аймагына кирүүсүн алдын алуу жана жайылышына жол бербөө боюнча Республикалык штабдын маалымат каналы
Download Telegram
ТАМАК-АШ МЕНЕН КАМСЫЗДОО БОЮНЧА

КР аймагында короновирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүү жана анын кесепеттерин жоюу боюнча оперативдүү штабдын тапшырмаларына ылайык жалпы госпитализацияда жаткан 33 032 жаранга 779 034 порция тамак берилип, кеткен чыгым 38 млн 331 миң 033 сомду түздү.

📌 1 күндүк тамак – ашка кеткен чыгымдын болжолдуу орточо баасы 150 сомдон жогору.

Ошондой эле оперативдүү штабынын Протоколдук тапшырмасы менен Министрлик тарабынан кызыл зонада кызмат кылып чыккан кызматкерлер тамак-аш менен камсыздалууда:
медицина кызматкерлерине – 5 756;
ИИМ кызматкерлерине – 323;
ӨКМ кызматкерлерине – 341.

🇰🇬 COVID-19: Республикалык штаб
ОБЕСПЕЧЕНИЕ ПИТАНИЕМ

По поручению оперативного штаба по недопущению и предотвращению последствий коронавирусной инфекции, 33 032 госпитализированных пациентов по всей республике обеспечены 779 034 порциями горячего питания на общую сумму 38 млн 331 тыс. 033 сомов.

📌 Приблизительная стоимость однодневного питания в среднем составило – 150 сомов.

Кроме того, по Протокольному поручению оперативного штаба Министерство обеспечивает горячим питанием медицинских работников работающих на красной зоне:
медицинские работники – 5 756;
сотрудники МВД – 323;
сотрудники МЧС – 341.

🇰🇬 COVID-19: Республиканский штаб
"Гуманитардык жардам көрсөтүүдө эл аралык партнерлор өзүнүн чоң салымын кошушкан – КРнын Кызыл жарым ай улуттук коому, “Врачи без границ” уюму, БУУнун балдар уюму жана Өнүгүү программасы, ОБСЕ жана башкалар. Ошондой эле, Өзгөчө кырдаалдарга чара көрүүнү координациялоо боюнча топ активдештирилип, анын координациясы менен бир топ жардам көрсөтүлдү. Жалпысынан эл аралык уюмдар 9 млн сомду түзгөн жеке коргоочу каражаттар, хлор, гигиеналык каражаттар жана башка товарлар жардам катары берилген. Алардын баары ӨК министрлигинин аймактык түзүмдөрүнө, ошондой эле, Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабы, Ички иштер министрлиги, Саламаттыкты сактоо министрлиги, Мамлекеттик чек ара жана салык кызматтары мамлекеттик органдарына бөлүнүп таратылган", - деп маалымдады КР өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаров.

Ошондой эле, мамлекеттик органдар жана жеке жарандардын тарабынан ӨКМге гуманитардык жардам берилүүдө.

🇰🇬 COVID-19: Республикалык штаб
"Такие международные партнеры, как Красный полумесяц КР, Организация “Врачи без границ”, Детский фонд ООН, Программа развития ООН, ОБСЕ и другие, внесли значительный вклад в оказании гуманитарной помощи. Кроме того, была создана Координационная группа по чрезвычайным ситуациям, и в рамках ее координации была оказана большая помощь. В общей сложности международные организации предоставили средства индивидуальной защиты, хлор, средства гигиены и другие товары на сумму 9 миллионов сомов. Все средства были распределены в региональные подразделения МЧС, также среди подразделений Генштаба Вооруженных сил, МВД, Министерства здравоохранения, Госпогранслужбы, налоговой службы и госорганы", - сообщил министр чрезвычайных ситуаций КР Замирбек Аскаров.

Кроме этого, гуманитарную помощь МЧС оказывают госорганы и граждане.

🇰🇬 COVID-19: Республиканский штаб
COVID-19 илдети менен күрөшүүдө Кыргызстанга Катар өлкөсү гуманитардык жардам көрсөттү

Бүгүн, 2020-жылы 3-июлда “Манас” эл аралык аба майданына Катар өлкөсүнөн жөнөтүлгөн гуманитардык жардам түшүрүлдү.

Жакынкы чыгыштагы мамлекет КР Саламаттык сактоо министрлигине 420 даана кычкылтек концентраторун кайтарымсыз жардам катары берди. Аманаттын жалпы наркы 250 000 долларды түзөт.

Катар өлкөсүнөн келген медициналык жабдууларды КР Саламаттык сактоо министринин орун басары Бакыт Жангазиев башында турган делегация кабыл алды.

“Бизге берилген медициналык жабдуулар миңдеген кыргызстандыктардын өмүрүн сактап калууга жардам берет. Анткени кычкылтек - коронавирус инфекциясына кабылган бейтаптарга керектүү химиялык элемент болуп эсептелет. Биз гуманитардык жардам көрсөткөн Катар мамлекетине ыраазычылыгыбызды билдиребиз”, деди КР Саламаттык сактоо министринин орун басары Бакыт Жангазиев.

Ал, кабыл алынган жабдуулар кычкылтек концентраторлору керек болуп жаткан медициналык мекемелерге таратылаарын кошумчалады.

🇰🇬 COVID-19: Республикалык штаб
Государство Катар оказало гуманитарную помощь Кыргызской Республике для борьбы с COVID-19

3 августа в аэропорт «Манас» прибыл гуманитарный груз из Государства Катар.
Катар передал Министерству здравоохранения КР кислородные концентраторы на общую сумму 250 тыс долларов.
Груз встретила делегация во главе с заместителем министра здравоохранения Бакытом Джангазиевым.

«Данные концентраторы помогут спасти жизни многих наших кыргызстанцев. Выражаем огромную благодарность Государству Катар за оказанную поддержку», - сказал замминистра.

Также он отметил, что медицинское оборудование будет передано организациям здравоохранения согласно плану распределения.

🇰🇬 COVID-19: Республиканский штаб
📢 Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин брифинги эртеңкиге жылдырылды.

🇰🇬 COVID-19: Республикалык штаб
----------------
📢 Брифинг министра труда и социального развития переносится на завтра.

🇰🇬 COVID-19: Республиканский штаб
"В соответствии с распоряжением Правительства медицинскими и иным работникам организации здравоохранения установлены Единовременные денежные компенсации. Выплата компенсации производства по решению Комиссии",- Начальник финансового управления МЗ КР Мухтабек Баймурзаев.

------

"КР Өкмөтүнүн буйругуна ылайык, саламаттык сактоо уюмдарынын медициналык жана башка кызматкерлерине Бир жолу берилүүчү акчалай компенсациялар белгиленген. Акчалай компенсациялар Комиссиянын чечими менен төлөнөт",- Саламаттык сактоо министрлигинин Финансы башкармалыгынын башчысы Мухтарбек Баймурзаев.


https://youtu.be/TwdjgYk1dcg
Премьер-министр Кубатбек Боронов Россиядан келген дарыгерлер менен эпидемияга каршы күрөшүү чараларын жана сунуштарды талкуулады
https://www.gov.kg/ky/post/s/premer-ministr-kubatbek-boronov-obsudil-s-predstavitelyami-delegatsii-vrachey-iz-rossii-protivoepidemiologicheskie-mery-i-rekomendatsii
Премьер-министр Кубатбек Боронов обсудил с представителями делегации врачей из России противоэпидемиологические меры и рекомендации
https://www.gov.kg/ru/post/s/premer-ministr-kubatbek-boronov-obsudil-s-predstavitelyami-delegatsii-vrachey-iz-rossii-protivoepidemiologicheskie-mery-i-rekomendatsii
Эфир "Слово доктору"
Дата: 03.08.2020
Время: 20:00

Спикер сегодняшнего эфира – Мухабат Касымова, врач-педиатр.

Мухабат Касымова расскажет о том, как переносят коронавирус дети, в частности подростки.

Подключайтесь к эфиру сегодня в 20.00

https://instagram.com/slovo_doctoru?igshid=s8mmwpckzt9d

🇰🇬 COVID-19: Республиканский штаб
----------------------
🩺 "Дарыгерге сөз" эфири
Күнү: 03.08.2020
Убактысы: 20:00

Бүгүнкү эфирдин спикери – Мухабат Касымова, педиатр дарыгер.

Мухабат Касымова коронавирус илдетин балдар, өзгөчө өспүрүмдөр, кантип көтөрөрү тууралуу айтып берет.

Эфирге бүгүн 20.00дө кошулуңуз

https://instagram.com/slovo_doctoru?igshid=s8mmwpckzt9d

🇰🇬 COVID-19: Республикалык штаб
✈️ Бишкекке Ирандан Кыргызстандын жарандары кайтып келди

Дүйнөдө COVID-19 коронавирус инфекциясынын пандемиясына байланыштуу эл аралык жүргүнчү авиабилдирүүлөрүнүн токтошунан жана чек аралардын жабылышынан улам чет элдик мамлекеттерден КР жарандарын кайтаруу боюнча КР Президентинин жана Өкмөтүнүн тапшырмаларын ишке ашыруунун алкагында, 2020-жылдын 3-августунда КР Тышкы иштер министрлиги Казакстан тарабы менен биргеликте Иран Ислам Республикасынан 16 КР жаранын кайтарып келүү иши аткарылды.

🔹 Биздин жарандар Тегеран шаарынан «Kish Airlines» иран авиакомпаниясынын чартердик рейси менен Алматы шаарынын эл аралык аэропортуна учуп келишти, ал жактан алар Бишкек шаарына атайын унаа менен чыгарылды.

Чет мамлекеттерде жүргөн жана мекенине кайтып келүүнү каалаган Кыргыз Республикасынын жарандарын кайтаруу боюнча иштер уланууда.

🇰🇬 COVID-19: Республикалык штаб
✈️ В Бишкек из Ирана вернулись граждане Кыргызстана

➡️ В рамках реализации поставленных Президентом и Правительством КР задач по возвращению граждан КР из иностранных государств в условиях закрытых границ и приостановления международных пассажирских авиасообщений в связи с распространением пандемии коронавирусной инфекции COVID-19 в мире 3 августа 2020 года Министерством иностранных дел КР во взаимодействии с Казахстанской стороной проработано возвращение 16 граждан КР из Исламской Республики Иран.

🔹 Граждане КР чартерным рейсом иранской авиакомпании «Kish Airlines» прибыли из г.Тегеран в международный аэропорт г.Алматы, из которого были вывезены на специальном транспорте в г. Бишкек.

❗️Работа по поиску возможных маршрутов возвращения домой граждан КР, находящихся в иностранных государствах, для последующей организации их вывоза, в том числе при помощи стран-партнеров, продолжается.

🇰🇬COVID-19: Республиканский штаб
‼️ С 3 августа продлена работа некоторых хозсубъектов, а также изменен режим работы общественного транспорта в Бишкеке

🚎 Теперь автобусы, троллейбусы и маршрутки работают с 7 до 11 утра и с 14 часов до 23 часов вечера с обязательным проведением дезинфекции и приостановлением деятельности в выходные дни.

🏪 Супермаркеты, торговые центры, торговые дома, комплексы, сети магазинов работают ежедневно с 7 утра до 00 часов ночи.

🍜 Кафе и рестораны, а также другие точки общественного питания работают с 7 утра до 22 часов вечера, разрешается работать службам доставки еды при строгом соблюдении санитарных норм, еда навынос без ограничения времени.

Столичные рынки работают пока так же – каждый день с 9 утра до 17 вечера.

Соответствующее постановление подписал мэр столицы Азиз Суракматов.

Напомним, что объекты уличной торговли и услуг (батуты, точки проката велосипедов и другие); деятельность тойкана и увеселительных заведений (ночные клубы, бары, караоке-клубы и другие); детские игровые площадки и развлекательные заведения всё еще запрещены.

🇰🇬 COVID-19: Республиканский штаб
‼️3-августтан тарта Бишкектеги айрым чарбалык субъекттердин иши, ошондой эле коомдук унаанын иштөө тартиби өзгөртүлдү.

🚎 Эми автобустар, троллейбустар жана кичи автобустар милдеттүү түрдө дезинфекциялоо жүргүзүп, таңкы 7ден 11ге чейин жана саат 14төн 23кө чейин иштейт. Мында коомдук транспорт дем алыш күндөрү иштебейт.

🏪 Соода борборлору, супермаркеттер, соода үйлөрү, комплекстер, дүкөн түйүндөрү күн сайын эрте менен 7ден түнкү саат 00гө чейин иштейт.

🍜 Кафе жана ресторандар, ошондой эле коомдук тамактануу жайлары 7ден 22ге чейин иштейт, санитардык талаптарды так сактоо менен тамак-аш жеткирүү кызматтарына жана тамакты алып кетүүгө убакытта чектөөсүз иштөөгө уруксат берилет.

☘️ Борбор калаанын базарлары мурдагыдай күн сайын саат 9дан 17ге чейин иштейт.

Муну ырастаган токтомго Бишкектин мэри Азиз Суракматов кол койду.

Эске салсак, көчөдө сатуу жана кызмат көрсөтүү объекттеринин (батуттар, велосипед ижарага берүү түйүндөрү ж.б.), тойкана жана көңүл ачуу жайларынын ишмердүүлүгүнө (түнкү клубдар, барлар ж.б.), балдардын оюн-зоок аянтчалары жана көңүл ачуу жайларынын ишине дагы эле тыюу салынган.

🇰🇬 COVID-19: Республикалык штаб