Штаб КР по COVID-19
7.77K subscribers
5.04K photos
1.21K videos
79 files
3.33K links
Коронавирустун өлкө аймагына кирүүсүн алдын алуу жана жайылышына жол бербөө боюнча Республикалык штабдын маалымат каналы
Download Telegram
“Августка чейин 200дөн ашык чартердик аба каттамдары аткарылып, 25 миңден ашуун жаран алынып келинди. Бүгүнкү күнү чартердик каттамдарды аткаруу уланууда", - деп билдирди жарандык авиация агенттигинин директору Курманбек Акышев.

❗️Ошондой эле ал белгилегендей, 5-июндан тарта Бишкек-Ош-Бишкек маршруту боюнча ички авиакаттамдар кайрадан жандандырылган. Биринчи каттам ушул жылдын 8-июнунда аткарылган, бүгүнкү күндө “Тез Джет" авиакомпаниясы көрсөтүлгөн маршрут боюнча үзгүлтүксүз негизде каттамдарды аткарып жатат.

🇰🇬 COVID-19: Республикалык штаб
"До августа месяца выполнено более 200 чартерных авиарейсов и перевезено более 25 тысяч граждан КР. Выполнение чартерных рейсов продолжается по сегодняшний день", - директор Агентства гражданской авиации Курманбек Акышев.

❗️ Также директор отметил, что с 5 июня возобновлены внутренние авиарейсы по маршруту Бишкек-Ош-Бишкек. Первый рейс выполнен 8 июня т.г. На сегодняшний день авиакопания “Тез Джет” выполняет рейсы по указанному маршруту на регулярной основе.

🇰🇬 COVID-19: Республиканский штаб
"Авиациялык бийлик ортосундагы жетишилген сүйлөшүүлөргө ылайык эл аралык үзгүлтүксүз каттамдар 2020-жылдын 7-августунда Турция Республикасы жана Бириккен Араб Эмираттары менен жандандырылды”, - деп билдирди Жарандык авиация агенттигинин директору Курманбек Акышев.

Ошондон улам, төмөнкү каттамдар аткарылууда:

✈️ «АвиаТраффикКомпани» авиакомпаниясы: Бишкек-Стамбул-Бишкек багыты боюнча жумасына 2 жолу. Бишкек -Анталья- Бишкек багыты боюнча жумасына 1 жолу;
✈️ «Турция авиалиния» авиакомпаниясы Стамбул-Бишкек-Стамбул багыты боюнча жумасына 2 жолу;
✈️ «Пегасус Эйрлайнс» авиакомпаниясы Стамбул-Бишкек- Стамбул багыты боюнча жумасына 2 жолу;
✈️ «ФлайДубай» авиакомпаниясы Дубай-Бишкек-Дубай багыты боюнча жумасына 1 жолу.

Каттамдар жана билеттерди сатып алуу маселеси боюнча авиакомпаниялардын сайттарынан маалымат алсаңыздар болот.

🇰🇬 COVID-19: Республикалык штаб
"В соответствии с достигнутыми договоренностями между авиационными властями, международные регулярные рейсы возобновлены с 7 августа 2020 года с Турецкой Республикой и Объединенными Арабскими Эмиратами", - сообщил директор Агентства гражданской авиации Курманбек Акышев.

Таким образом, выполняются следующие рейсы:

✈️ «АвиаТраффикКомпани»: по маршруту Бишкек-Стамбул-Бишкек 2 раза в неделю. По маршруту Бишкек-Анталья-Бишкек 1 раз в неделю;
✈️ авиакомпания «Турецкие авиалинии» по маршруту Стамбул-Бишкек-Стамбул 2 раза в неделю;
✈️ авиакомпания «Пегасус Эйрлайнс» по маршруту Стамбул-Бишкек-Стамбул 2 раза в неделю;
✈️ авиакомпания «ФлайДубай» по маршруту Дубай-Бишкек-Дубай 1 раз в неделю.

❗️По вопросу приобретения билетов и расписанию рейсов можно узнать на сайтах авиакомпаний.

🇰🇬 COVID-19: Республиканский штаб
🚌 Баткен облусунда коомдук транспорттун иштөөсүнө уруксат берилди

Баткен облусунда район, шаар аралык коомдук транспорттордун ишмердүүлүгүнө, учурдагы кырдаал талап кылган бардык санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди жана талаптарды сактоо менен жандандырууга уруксат берилди.
Мындай чечим коронавирус оорусу менен күрөшүү боюнча облустук штабда кабыл алынды.

Автотранспорт агенттигинин жетекчилигине коомдук транспорттордо санитардык норманы сактоо боюнча айдоочуларга жана жүргүнчүлөргө түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, автотранспортторду байма бай дезинфекциялоо, алардын ишине такай рейддерди жүргүзүп туруу тапшырмалары коюлду.

❗️Азырынча облустар аралык коомдук транспорттун каттоосуна уруксат жок.

🇰🇬 COVID-19: Республикалык штаб
🚌 В Баткенской области разрешили работу общественного транспорта

В Баткенской области разрешено движение районного и междугороднего общественного транспорта в соответствии со всеми санитарно-эпидемиологическими правилами и требованиями. Решение было принято областным оперативным штабом по борьбе с коронавирусной инфекцией.

Руководителю автотранспортного агентства поручено проводить разъяснительную работу с водителями и пассажирами по соблюдению санитарных норм в общественном транспорте, обеспечить регулярную дезинфекцию транспортных средств и проводить регулярные рейды по их работе.

❗️ Межрегиональный общественный транспорт пока не разрешен.

🇰🇬 COVID-19: Республиканский штаб
КРнын аба жана жер транспорту менен мамлекеттик чек арадан өтүү үчүн алгоритмдер

КР аймагында COVID-19 коронавирус инфекциясын жугузууга жана жайылтууга жол бербөө боюнча ыкчам чараларды көрүү максатында жана убактылуу санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди жана ченемдерди жүзөгө ашыруу үчүн жарандуулугуна карабастан Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөн жактарга, анын ичинде туризм максатында адамдар үчүн жаңы алгоритмдер бекитилген.

🛃 Алгоритмдер адамдардын төмөнкү категориялары үчүн иштелип чыккан:

Эл аралык жана ички авиакаттамдардын жүргүнчүлөрү

🔹 Учуу алдындагы процедуралардын бардык этаптарында жана жүргүнчүлөрдү отургузууга чейин беткап тагынуу жана аралыкты сактоо керек;
🔹 Аба кемесинин бортунда/аэробекеттик комплекстердин учуп келүү залдарында жүргүнчүлөрдүн термометриясын өткөрүү;
🔹 Жүргүнчүлөрдө коронавирус инфекциясына шектенүү болгон учурда/ошондой эле жүргүнчүлөрдүн жанында жайгашкан 6-8 орундардагылар обсервацияга жатышат/изоляция андан ары медиктердин байкоосунда болот;
Байланышта болгон адамдардын чөйрөсүн аныктоо зарыл болгон учурда "Манас" ААК эл аралык аэропорту санитардык-карантиндик пункттардын кызматкерлерине жүргүнчүлөрдүн тизмесин берет;
🔹 Клиникалык белгилери жок жүргүнчүлөр андан ары маршрут боюнча жүрө алышат.

Чет элдик жарандар/жарандыгы жок жактар – чет элдик адистер, КР аймагына эмгек ишмердигин жүзөгө ашыруу максатында келишкендер

🔹 Тиешелүү мамлекеттик органдар КР ССМ уруксат берүүчү документтерди кабарлоо үчүн КР МПК берет (КР Өкмөтүнүн буйрук берүүсү 84-б 17.03.2020, 9.06.2020 – жылы редакцияланган);
🔹 Мамлекеттик чек арадан өтүп жатканда термометриядан өткөрүлөт ;
🔹 Клиникалык көрүнүштөр байкалган учурда ПЦР талдоо жүргүзүү, ооруканага жаткыруу;
🔹 Клиникалык белгилери жок адамдар ПЦР анализ жүргүзүүнүн жыйынтыгын алганга чейин чакырган адамдар тарабынан алдын ала даярдалган жерге барып турулары керек;
🔹 ПЦР анализдери терс чыккан учурда аларга жумуштарына чыгууга уруксат берилет.
КР Өкмөтүнүн 09.06.2020-жылдагы № 210-б Буйрук берүүсүнө ылайык, чет өлкөлүк жарандардын/жарандыгы жок адамдардын (адистердин) обсервациядан өтүүлөрүн уюштуруу шарттары, ПЦР-анализден өтүүлөрү жана транспорт каражаттары чакырган тараптын эсебинен жүзөгө ашырылат.

КР аймагына автоунаа менен келген жактар

🔹 Беткап режимин катуу сактоолору керек;
🔹 Автоунаанын жүргүнчүлөрүн термометриядан өткөрүү;
🔹 Короновирустун клиникалык белгилери аныкталганда ПЦР-анализ тапшырууү, андан ары ооруканага жаткыруу жүргүзүлөт. Байланышта болгон жактарга «Stop COVID-19 KG» мобилдик тиркемеси орнотулат жана андан ары маршрут боюнча жиберилет.

🇰🇬 COVID-19: Республикалык штаб
Алгоритмы для прохождения госграницы КР воздушным и наземным транспортом

В целях принятия оперативных мер по недопущению завоза и распространения коронавирусной инфекции COVID-19 на территории КР и реализации временных санитарно-эпидемиологических правил и нормативов утверждены новые алгоритмы для лиц независимо от гражданства, проходящих через Государственную границу КР, в том числе с целью туризма.

🛃 Алгоритмы разработаны для следующих категорий лиц:

➡️ Пассажиры международных и внутренних авиарейсов

🔹 На всех этапах предполетных процедур и до посадки пассажиры должны соблюдать масочный режим и дистанцию;
🔹Проведение термометрии у пассажиров на борту воздушного судна/в залах прилетов аэровокзальных комплексов;
🔹В случае подозрения на коронавирусную инфекцию у пассажира/ов, также пассажиры рядом расположенных 6-8 мест подлежат обсервации/изоляции для дальнейшего наблюдения медиками.
❗️В случае необходимости определения круга контактных лиц, ОАО Международный аэропорт «Манас» передает списки пассажиров сотрудникам санитарно-карантинных пунктов.
🔹 Пассажиры без клинических проявлений, пропускаются для дальнейшего следования по маршруту.

➡️ Для иностранных граждан/лиц без гражданства – иностранных специалистов, пребывающих на территорию КР в целях осуществления трудовой деятельности

🔹Соответствующие госорганы предоставляют разрешительные документы в МЗ КР для уведомления ГПС КР (Распоряжение Правительства КР №84-р от 17.03.2020, в редакции от 9.06.2020 №210-р).
🔹При пересечении госграницы проводится термометрия;
🔹При выявлении клинических проявлений – забор на ПЦР анализ, госпитализация;
🔹Лица без клинических проявлений, должны быть вывезены приглашающей стороной, в заранее ими подготовленные места до получения результата ПЦР анализа;
🔹При отрицательном ПЦР анализе разрешается выход на работу.
❗️ Согласно Распоряжению Правительства КР №210-р от 09.06.2020г. в отношении иностранных граждан/лиц без гражданства (специалистов) организация условий для прохождения обсервации, проведение ПЦР и транспортировка осуществляется за счет средств приглашающей стороны.

➡️ Лица, прибывающие на территорию КР автотранспортом

🔹 Строго соблюдение масочного режима;
🔹 Проведение термометрии пассажиров автотранспорта;
🔹 При выявлении клинических проявлений на коронавирус осуществляется забор на ПЦР анализ, с дальнейшей госпитализацией. Контактным лицам устанавливается мобильное приложение «Stop COVID-19 KG» и направляются далее по маршруту.

🇰🇬 COVID-19: Республиканский штаб
Бишкекке Екатеринбургдан Кыргызстандын жарандары учуп келди

2020-жылдын 10-августунда Екатеринбургдан Бишкекке «Авиа Траффик Компани» авиакомпаниясынын чартердик каттамы менен 183 Кыргыз Республикасынын жараны кайтып келди, анын ичинде Мекенге жаш балдар да келишти.

🖋 Авиакаттам дүйнөдөгү коронавирус инфекциясынын пандемиясынын жайылышынан чек аралар убактылуу жабылышынан жана эл аралык жүргүнчү ташуу авиабилдирүүлөрүнүн токтошунан улам чет өлкөдөгү Кыргызстандын жарандарын кайтаруу боюнча жүргүзүлгөн иштин алкагында КР Президенти жана Өкмөтүнүн тапшырмасын аткаруу үчүн ишке ашырылган.

Бул каттам менен Бишкекке Россияда окуган студенттер, Кыргыз Республикасына кайтып келүүгө курч муктаждыгы бар жарандар Екатеринбург, Челябинск, Тюмен, Сургут, Надым, Курган жана Пермден (ар кандай оорулары бар, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар, улуу курактагылар, кош бойлуу аялдар жана жаш балдары бар энелер, ошондой эле турмуштук оор шарттагы жарандар) кайтып келишти.

Жүргүнчүлөрдүн тизмеси Урал федералдык округунун региондорунан жана шаарларынан келген жарандардын жана кыргыз диаспоралык уюмдарынын келип түшкөн кайрылууларын эске алуу менен түзүлгөн.

Урал федералдык округундагы Кыргыз Республикасынын жарандарынын кайтып келүүсү жана мекенине кайтып келүүнү каалагандар боюнча иштер улантылат.

🇰🇬 COVID-19: Республикалык штаб
В Бишкек из Екатеринбурга прибыли граждане Кыргызстана

10 августа 2020 года из Екатеринбурга в Бишкек прибыл чартерный рейс авиакомпании «Авиа Траффик Компани», на котором 183 граждан Кыргызской Республики, включая детей, прибыли на Родину.

🖋 Авиарейс осуществлен во исполнение поручения Президента и Правительства Кыргызской Республики в рамках проводимой работы по возвращению граждан Кыргызстана, находящихся в иностранных государствах, вследствие временного закрытия границ и приостановления международного пассажирского авиасообщения из-за пандемии коронавирусной инфекции в мире.

Данным рейсом в Бишкек доставлены студенты, обучающиеся в России, и остро нуждающиеся в возвращении в Кыргызскую Республику граждане из Екатеринбурга, Челябинска, Тюмени, Сургута, Надыма, Кургана и Перми (имеющие различные заболевания, люди с ограниченными возможностями здоровья, преклонного возраста, беременные женщины и матери с малолетними детьми, а также граждане, оказавшиеся в трудной жизненной ситуации).

Список пассажиров составлялся с учетом поступивших обращений граждан и кыргызских диаспоральных организаций из регионов и городов Уральского федерального округа.

Работа по возвращению граждан Кыргызской Республики, находящихся в Уральском федеральном округе и желающих вернуться на Родину, продолжится.

🇰🇬 COVID-19: Республиканский штаб
🏥 Баткен шаарындагы 90 койкалуу эски поликлиниканын ондоп түзөө иштер кызуу жүрүүдө

Баткен шаарындагы 90 койкалуу эски поликлиниканын ондоп түзөө иштер кызуу жүрүүдө. Бүгүнкү күндө Аткарылган иштер боюнча: ички бузуу иштери 100%, чатырдын асбес шиверлердин демонтаждоо 50%, бетон, грунтовка жана шпаклевка иштери 55%, канализация 20%, пол иштери 15% жана электр чубалгылары 15% аяктаган.
Учурда 35 жумушчу иштеп жатат.

Белгилей кетсек, объектинин курулушу республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып жатат. Сметалык наркы 12 256,928 миң сомду түзөт. Жалпы аянты 1210 м2.

🇰🇬 COVID-19: Республикалык штаб
🏥 Реконструкция старой поликлиники на 90 мест в городе Баткен, ведется полным ходом

В городе Баткен полным ходом ведется реконструкция старой поликлиники на 90 мест. На сегодня по проделанной работе завершены: : внутренние работы на 100%, демонтаж кровельных асбестовых шиверов на 50%, бетонных, грунтовых и шпаклевочных работ на 55%, канализации на 20%, половых работ на 15% и линий электропередач на 15%.
В настоящее время работают 35 рабочих.

Отметим, что строительство объекта финансируется за счет средств республиканского бюджета, сметная стоимость которого составляет 12 256,928 тыс. сомов с общей площадью 1210 м2.

🇰🇬 COVID-19: Республиканский штаб
Социалдык тармактарда тез жардам унааларын сатып алуу боюнча тарап жаткан видео тууралуу ӨКМнын алдындагы долбоорлорду ишке ашыруу бөлүмүнүн жообу

Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы менен КР Өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн каржылоо жөнүндө келишимде жана сатып алуулар долбоорунун планында колдонулган товарларды сатып алуу каралган эмес. Буга байланыштуу техникалык мүнөздөмөлөр жана тендердик документтердин талаптары жаңы тез жардам унааларын сатып алуу үчүн даярдалган.

Дүйнөлүк банктын эрежесине ылайык – жаңы товарлары менен (унаанын ичиндеги жабдуулар) колдонулган товарды (автоунааны) сатып алууга тыюу салынат.

Колдонулган тез жардам унааларын сатып алууда төмөнкү маселелерге туш болуу мүмкүн:

1) өндүрүүчү заводдор жана расмий дилерлер колдонулган унааны сатууга чыгарышпайт, башкача айтканда бул категория тендерге катышмак эмес;

2) колдонулган унаалардын абалын баалоодогу кыйынчылыктарга байланыштуу, чечим кабыл алуу процесси белгилүү бир кыйынчылыктарга туш болмок, мисалы: автоунаалардын техникалык абалын баалоо;

3) автоунаалар үчүн кепилдик шарттарын камсыз кылуу боюнча маселелер жаралмак.

🇰🇬 COVID-19: Республикалык штаб
Ответ Отдела реализации проектов при МЧС, относительно видео по закупкам автомашин скорой помощи распространяемого в социальных сетях

В подписанном, между Международной ассоциацией развития и Правительством КР Соглашения о финансировании, а также в плане закупок проекта, не была оговорена закупка подержанных товаров. В связи с этим, технические спецификации и требования тендерной документации были подготовлены на закупку новых автомашин скорой помощи

❗️ Правила закупок Всемирного банка - запрещают закупку подержанных товаров (автомашины) с новыми товарами (оборудования в авто).

При закупке подержанных автомашин скорой помощи, возникли бы следующие проблемы:

1) заводы производители и официальные дилеры не продают б/у автомашины, т.е. данная категория не стала бы участвовать в тендере;

2) в связи  с трудностями при оценке состояния подержанных автомашин, процесс принятия решения был бы связан с определенными трудностями, например: оценка технического состояния автомашин; 

3) возникли бы трудности с обеспечением условий гарантий на автомашины. 

🇰🇬 COVID-19: Республиканский штаб
 
📋Күндүн жыйынтыгы 10.08.2020

📍 Бир сутка ичинде
407 бейтап COVID-19 U07.1 жана U07.2 илдетинен сакайып чыкты.

COVID-19 U07.1 жана U07.2
жаңы 258 учуру катталды.

Өткөн сутка ичинде
6 бейтап COVID-19 U07.1 жана U07.2 каза болду.

🦠 Жалпы жуктургандар – 40 177
🔳 Каза тапты – 1474
🏡 Сакайып чыккандар – 32 229

🧑🏻‍⚕️Жалпысынан
COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 2959 учур катталды, алардын ичинен 2178 айыкты.

✈️
Екатеринбургдан Ошко Кыргызстандын жарандары учуп келди.

🛫 Августка чейин 200дөн ашык чартердик аба каттамдары аткарылып,
25 миңден ашуун жаран алынып келинди.

🛬 Эл аралык үзгүлтүксүз каттамдар Турция жана БАЭ менен жандандырылды.

🚌 Баткен облусунда коомдук транспорттун иштөөсүнө уруксат берилди.

КРнын аба жана жер транспорту менен мамлекеттик
чек арадан өтүү үчүн алгоритмдери.

✈️ Бишкекке
Екатеринбургдан Кыргызстандын жарандары учуп келди.

🏥 Баткен шаарындагы 90 койкалуу эски поликлиниканын ондоп түзөө иштер кызуу жүрүүдө.

🇰🇬
COVID-19: Республикалык штаб
📋 Итоги дня 10.08.2020

📍За сутки
выздоровели 407 человека от COVID-19 U07.1 и U07.2.

Зафиксировано 258 новых случаев COVID-19 U07.1 и U07.2.

За прошедшие сутки зафиксировано 6
летальных исходов от COVID-19 U07.1 и U07.2.

🦠 Всего заразившихся – 40 177
🔳 Умерших – 1474
🏡 Выздоровели – 32 229

🧑🏻‍⚕️ Всего
2959 медработников с диагнозом COVID-19, из которых выздоровели 2178.

✈️ Из
Екатеринбурга в Ош вернулись граждане КР.

🛬 Выполнено более 200 чартерных авиарейсов и
перевезено более 25 тыс. граждан КР.

🛫 Регулярные рейсы возобновлены с
7 августа с Турцией и ОАЭ.

🚌 В Баткенской области разрешили работу общественного транспорта.

Алгоритмы для прохождения
госграницы КР воздушным и наземным транспортом.

✈️ В Бишкек из
Екатеринбурга вернулись граждане КР.

🏥 Реконструкция старой поликлиники на 90 мест в городе Баткен, ведется полным ходом.

🇰🇬
COVID-19: Республиканский штаб
📈 КР Саламаттык сактоо министрлигинин коронавирус боюнча статистикасы тууралуу

Жаңы типтеги коронавирус боюнча статистика ар кандай түшүндүрүлүп жаткандыгына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги төмөнкүнү билдирет:

Статистикада төмөнкүдөй көрсөткүчтөр колдонулат: «өлүм» көрсөткүчү (mortality rate) – 1 млн, 100 миң адамга ж.б эсептелип чыгат жана «өлүм учурлары» (case fatality rate) – белгилүү бир убакыт ичинде ооруга чалдыккан адамдардын жалпы санынан белгилүү бир оорудан каза болгондордун үлүшү.

Эпидемия толук токтой элек убакта, өлүм көрсөткүчтөрү тууралуу айтуу кыйын, себеби ал ооруга чалдыккан адамдарда гана эсептелет (айыгып чыккан же каза болгон), бирок илимпоздордун алдын-ала берген божомолу боюнча өлүм көрсөткүчүнүн деңгээли орточо 2%ды түзөт.

Өсүп жаткан эпидемиянын өлүм көрсөткүчүн туура эсептөө үчүн эки олуттуу чектөөлөрдү эске алуу керек:

1. Эпидемиянын башталышында вирус жуккан учурлар көбөйүп, каза болгондордун саны бул өсүштөн 7-10 күнгө артта калат. Мындан улам, өлүм учурлары чындыгында аз болуп көрүнүшү ыктымал.

2. COVID-19 менен катталган учурларга биринчи кезекте, адам медициналык мекемеге кайрылууга мажбур болгон оор учурлары кирет. Бул тескерисинче иштейт: мындан улам вирус жуктургандардын саны төмөн болуп, өлүм көрсөткүчү жогору болот.

📌 Жарыялануучу статистика белгилүү бир күндү жана белгилүү убакытты каттап, маалыматтар динамикалык түрдө өзгөрүп жаткандыгын белгилейбиз.

Сыпайы салыштыруу үчүн салыштыруу принцибин кармануу зарыл, ооруган учурду аныктоо ыкмасын эске алуу керек, кээ бир өлкөлөр статистиканы бириктиришти, башкалар каршы болушту – бир гана тастыкталган лабораторияны гана эсептешти. Тигил же бул өлкөнүн (өсүү, анча көп эмес, төмөндөө) эпидемиясынын кайсы стадиясында тургандыгын салыштырып эске алуу керек.

Саламаттык сактоо министрлиги Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун 2020-жылдын 7-июнунда
"Медициналык күбөлөндүрүү, оорулардын эл аралык классификациясы боюнча өлүм себебин коддоо жана COVID-19 байланышкан өлүм жөнүндө отчетторду берүү” жаңыланган сунушуна ылайык, мурда каза болгон учурлар кайра каралып чыккан. Ушуга байланыштуу жакын арада коронавирус инфекциясынан каза болгондордун саны боюнча статистика кайрадан каралып чыгат.

🇰🇬 COVID-19: Республикалык штаб