Штаб КР по COVID-19
7.72K subscribers
5.04K photos
1.21K videos
79 files
3.33K links
Коронавирустун өлкө аймагына кирүүсүн алдын алуу жана жайылышына жол бербөө боюнча Республикалык штабдын маалымат каналы
Download Telegram
«Бир сутка ичинде катталган 26 жаңы учурдун 15и четтен келген жарандардан арасынан катталса, 7 учур медициналык көзөмөлгө алынган жарандардын арасынан тастыкталган. Ал эми, калган 4 учурда вирустун булагы азырынча табыла элек”, - Саламаттык сактоо министринин орун басары Н.Усенбаев.

🇰🇬 COVID-19: Республикалык штаб
-----------
“Из всех 26 новых случаев, зарегистрированных на сегодня - 15 случаев завозные. Вирус также подтвержден у 7 граждан, находившихся под медицинским наблюдением. В остальных 4-х источник вируса не установлен», - Заместитель министра здравоохранения Н.Усенбаев.

🇰🇬 COVID-19: Республиканский штаб
🔺Кыргызстанда COVID-19 алгачкы учуру катталган күндөн тарта ооругандардын саны 3 бейтаптан (18-март) 1871 учурга (3-июнь) чейин көбөйдү.

Ооругандардын эӊ көп саны катталган күндөр:
28-май – 74 учур
18-май – 78 учур

🔺Учурлар эӊ көп Бишкек шаарында – 582 (анын ичинде Россиядан келген аскерлердин арасынан – 98), ал эми эӊ азы Ысык-Көл облусунда – 14 учур катталган.

30-мартта Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынан алгачкы 3 айыккан бейтап чыгарылган. Бүгүнкү күндө адистештирилген медициналык мекемелерден 1265 адам чыгарылды.

▪️2-апрелде алгачкы өлүм катталган, учурда – 20.

🇰🇬 COVID-19: Республикалык штаб
🔺 Со дня первых случаев регистрации COVID-19 в Кыргызстане количество заболевших увеличилось c 3 (18 марта) до 1871 (3 июня).

Наибольшее количество заболевших было зафиксировано:
28 мая – 74 случая
18 мая – 78 случаев

🔺 Самое большое количество случаев зарегистрировано в городе Бишкек – 582 (из них 98 случаев среди военнослужащих прибывших из РФ), наименьшее – в Иссык-Кульской области – 14.

30 марта из Джалал-Абадской областной клинической больницы выписаны первые 3 выздоровевших. На сегодняшний день из специализированных медицинских учреждений выписаны 1265 человек.

2 апреля была зафиксирована первая смерть, на данный момент – 20.

🇰🇬 COVID-19: Республиканский штаб
Республикалык штаб: 5-июндан тарта ички авиарейстер жана аймактар аралык коомдук транспорт иштей баштайт
https://www.gov.kg/ky/post/s/respublikanskiy-shtab-s-5-iyunya-budut-zapushcheny-vnutrennie-aviareysy-i-obshchestvennyy-transport-mezhdu-regionami
Республиканский штаб: С 5 июня будут запущены внутренние авиарейсы и общественный транспорт между регионами
https://www.gov.kg/ru/post/s/respublikanskiy-shtab-s-5-iyunya-budut-zapushcheny-vnutrennie-aviareysy-i-obshchestvennyy-transport-mezhdu-regionami
Бир сутки ичинде COVID-19 вирусунан каза болгон 3 бейтап тууралуу маалымат

1. 1961-ж. туулган эркек бейтап, дарыгер-фтизиатр. Кесибине байланыштуу, пневмония менен жаткан бейтаптарды кабыл алып жаткан. Анда COVID-19 вирусу тастыкталып, оор абалда өтүп жатканы белгилүү болгон. Ош облустук ооруканасында дарыланууга жаткырылган.

2. 1965–ж. туулган эркек бейтап, жүк ташуучу унаанын айдоочусу. 27-майдан бери Ош облустук ооруканасында оор абалда жаткан.


3. Нарын облусунун 1936-ж.туулган эркек жараны. 21-майда жугуштуу оорулар бөлүмүнө которулган.
Аталган үч жаранда тең коронавирустун айынан, кошумча өнөкөт оорулары күчөп кеткен.

🇰🇬 COVID-19: Республикалык штаб
Информация по 3-м скончавшимся от COVID-19 за последние сутки

1. Мужчина 1961г.р., врач-фтизиатр. По роду своей профессии контактировал с больными пневмонией, у него был подтвержден диагноз COVID-19 с крайне тяжелым течением. Находился в Ошской области.

2. Мужчина (дальнобойщик) 1965г.р., с 27 мая находился в тяжелом состоянии. Находился в Ошской области.

3. Мужчина находился в Нарынской области, пациент 1936 года рождения. 21 мая был переведен в инфекционное отделение.

У всех пациентов были сопутствующие заболевания. На фоне коронавируса обострились хронические заболевания.

🇰🇬 COVID-19: Республиканский штаб
🔘 59-летний Исмаилов Альберт Жумабекович врач-фтизиатр центра семейной медицины Кара-Кульджинского района, скончался 2 июня от коронавируса.

Исмаилов Альберт Жумабекович проработал в системе здравоохранения 36 лет, был профессионалом своего дела, уважаемым доктором, ценным специалистом.

От всего коллектива Министерства здравоохранения, всех медработников, Республиканского штаба выражаем соболезнования родным и близким, разделяем боль и горечь невосполнимой утраты.

🇰🇬 COVID-19: Республиканский штаб
🔘 Кара-Кулжа райондук үй-бүлөлүк медицина борборунун фтизиатр дарыгери 59 жаштагы Исмаилов Альберт Жумабекович 2-июнда коронавирус илдетинен каза болду.

Исмаилов Альберт Жумабекович саламаттыкты сактоо тармагында 36 жыл эмгектенген, өзүнүн ишин мыкты билген баалуу адис, кадырлуу дарыгер болгон.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин жамаатынын жана бардык медкызматкерлердин, Республикалык штабдын атынан анын жакындарына орду толгус жоготуу болгонуна байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.

🇰🇬 COVID-19: Республикалык штаб
“Карантиндик кырдаалга байланыштуу салык токтоп, каржы көйгөйү жаралды. Бирок, пайдасы – биз көмүскөдө иштеп жаткан ишканаларды тактай алдык. Азыркы учурда салык чогултуу иштери ыкчам абалда жүргүзүлүп жатат. Буга чейин салык төлөбөй иштеп жаткан көз жумду болгон тармактардын тизмелери алынып, тиешелүү кызматтар тарабынан иштер улантылууда. Төлөнүп жаткан салыктар мамлекеттик бюджетти толтуруп жаткандыктан, биз салык төлөөдөн качпашыбыз керек”, - деп билдирди КР Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев.

🇰🇬 COVID-19: Республикалык штаб
“В связи с введением карантинного режима, появилась проблема недопоступления средств в местный бюджет. Однако, мы смогли выявить предприятия, которые работали без регистрации. На данный момент работа по сбору налогов идет в оперативном порядке. Продолжается работа соответствующих служб по уточнению списков предпринимателей, которые не платили налоги. Все налоговые поступления идут в государственный бюджет, поэтому мы не должны избегать уплаты налогов”, - призвал полномочный представитель Правительства КР в Ошской области Узарбек Жылкыбаев.

🇰🇬 COVID-19: Республиканский штаб
Ат-Башы районунда карантиндик режим алына электигине байланыштуу, 7-июнь базар күнү мал базарга башка аймактардан келүүчү жарандарга кирүүгө тыюу салынат. Ал эми жергиликтүү калк базардын кире беришиндеги посттон текшерүүдөн өтүп, сөзсүз түрдө беткап тагынуулары, санитардык аралыкты сактоолору керек жана көп убакытка чейин базардын ичинде жүрүүгө болбой турганын эскертип кетким келет”, - деп билдирди Нарын облусунун Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Нурбек Сатаров.

🇰🇬 COVID-19: Республикалык штаб
В связи с тем, что в Ат-Башинском районе еще не снят карантинный режим, 7 июня жителям с других регионов запрещается въезд на скотный рынок. А местное население будет проходить проверку на въездных постах, также необходимо сохранять санитарную дистанцию и не рекомендуется находиться долгое время на рынке”, - сообщил глава государственной администрации Ат-Башинского района Нарынской области-аким Нурбек Сатаров.

🇰🇬 COVID-19: Республиканский штаб
‼️ УЧУП КЕТЕ ТУРГАН ЖҮРГҮНЧҮЛӨРГӨ

✈️ Ички үзгүлтүксүз авиа каттамдарынын кайрадан жанданышына байланыштуу төмөнкү маалыматтарга көңүл бурууңуздарды өтүнөбүз.

Коронавирустук инфекцияны алып келүүнүн жана жайылышынын алдын алуу максатында, «Манас», «Ош» жана «Ысык-Көл» эл аралык аэропортторунун аэробекет комплекстеринин имаратында буларга гана кирүүгө болот:

🔹көрсөтүлгөн күнгө карата белеттери бар авиажүргүнчүлөргө;

🔹жашы жете элек балдарды жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды коштоп жүргөн адамдарга.

❗️Мында жаныӊарда басып чыгарылган авиабилет же уюлдук аппараттарда электрондук версиясы болушу керек.

Эл аралык аэропорттордун аэробекеттерине барып, аларды узатып келген жана тосуп жаткан адамдар үчүн кирүү убактылуу чектелген.

Аэропортторго каттоо башталганга чейин – каттам учканга чейин 2 саат мурда эртерээк келүүнү сунуштайбыз. Каттамга каттоо учканга чейин 40 мүнөт калганда аяктайт.

♻️ Аэробекеттин кире беришинде бардык жүргүнчүлөр жана жол жүктөрү дезинфекциялоочу туннель аркылуу өтүшөт, ошондой эле дене табын текшерүү үчүн тепловизиондук камералардан жана термометрикалык көзөмөлдөн өтүшөт.

⭕️ Өзүңүздөрдүн коопсуздугуңуздар үчүн аэробекеттин ичинде беткап тагынууну, социалдык аралыкты (бири-бириңиздерден 1,5-2 метр) сактоону, ошондой эле санитардык-эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу алдын алуу талаптарды жана чараларды колдонушуңуздарды суранабыз.

Клиникалык көрүнүштөр байкалган учурда (жогорку температура, жөтөл, дем алуунун оорлошуусу, чыйрыгуу ж.б.) ооруканага жаткыруу жүргүзүлөт.

‼️ УЧУП КЕЛЕ ТУРЧУ ЖҮРГҮНЧҮЛӨР ҮЧҮН

✈️ Коронавирустук инфекцияны алып келүүнүн жана жайылышынын алдын алуу максатында, «Манас», «Ош» жана «Ысык-Көл» эл аралык аэропортторунда бардык учуп келген жүргүнчүлөр жана жол жүктөрү милдеттүү түрдө дезинфекциялоочу туннель аркылуу өтүшөт.

Бардык учуп келген жүргүнчүлөрдүн дене табын текшерүү жана термометрикалык көзөмөлдөн өткөрүү үчүн тепловизиондук камералар пайдаланылат.

♻️ Аэробекеттин ичине кирерде сөзсүз түрдө медициналык беткап тагынуу, социалдык аралыкты (бири-бириңиздерден 1,5-2 метр) сактоо, ошондой эле санитардык-эпидемиологиялык талаптарды колдонуу керек.

Клиникалык көрүнүштөр байкалган учурда (жогорку температура, жөтөл, дем алуунун оорлошуусу, чыйрыгуу ж.б.) ооруканага жаткырылат.

УРМАТТУУ ЖҮРГҮНЧҮЛӨР!

Сиздердин коопсуздугуӊуздар үчүн коронавирус инфекциясынын жайылышын болтурбоо боюнча кабыл алынган чараларга түшүнүү менен мамиле кылууга чакырабыз!

🇰🇬 COVID-19: Республикалык штаб